Кыргыз сому 17-ноябрда "Учкун" басмаканасында чыга баштайт

Кыргыз сому 17-ноябрда "Учкун" басмаканасында чыга баштайт

17-ноябрдан тарта Кыргызстан ичинде 20 жана 50 номиналындагы сомдор чыгарыла баштары кечээ Президент Садыр Жапаровдун Улуттук Банктын жаңыланган имаратын көрүү убагында маалым болду. 

Президенттин маалымат-катчысы Аскат Алагөзов Facebook социалдык тармагына койгон видеодо өлкө башчысы Кыргызстанда жаңы жылга чейин акчалар басылып чыгар чыкпасын тактап жатканын көрүүгө болот. 

Бул ишти көзөмөлдөгөн Президенттин иш башкармалыгынын  жетекчиси Каныбек Туманбаев менен Улуттук банк төрагасы Мелис Тургунбаев бардык кагаз иштери аягына чыкканын, 17-ноябрдан тарта 20 жана 50 сом акча бирдиктери басыла баштарын айтышкан. Буга улай видеодо К.Туманбаев 2026-жылы калган купюралардын бардыгы чыгарыла баштарын Президентке айтып жатат. 

Белгилүү болгондой, кыргыз сомдору “Учкун” ААКсында басылат жана биринчи кезекте ишкана эскилерин алмаштырыш үчүн майда номиналдагы банкнотторду чыгарат. 

Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз валютасы эл аралык Oberthur Fiduciaire (Франция) жана Crane Currency (АКШ) басмаканаларынын катышуусунда Европа өлкөлөрүндө  чыгарылып келген. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель майынын литри 74 сомдон сатылып жатат

Кыргызстанда фермерлерге дизель күйүүчү майы литри 74 сомдон жеңилдик менен сатылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, бакчачылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов "Биринчи радио" аркылуу билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында арзандатылган дизелдин 7 млн литрди бөлүштүрүү каралган. Баа

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып