Кыргызстанда алдамчылыкка каршы “Насыя берүүгө өзүнө өзү тыюу салуу механизми” киргизилет

Кыргызстанда алдамчылыкка каршы “Насыя берүүгө өзүнө өзү тыюу салуу механизми” киргизилет

 Бүгүн Улуттук банктын жаңы кеңсесинде банк менен Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги өкүлдөрүнүн катышуусунда “Насыя берүүгө өзүнө өзү тыюу салуу механизми” темасында биргелешкен маалымат жыйын болду. 

Жыйында Улуттук банкынын (УБ) төрагасынын орун басары Бектур Алиев акыркы жылдарда онлайн насыя алууда алдамчылык көп болуп жаткандыктан Улуттук банкка жана укук коргоо органдарына жарандардан арыздар да көп түшүп жатканын баса белгиледи. “Ушундай алдамчылыктардын алдын алуу чарасы ушул – насыя берүүгө өзүнө өзү тыюу салуу механизми болот деп ишенебиз. Бул механизм коомдук талкуудан өткөн жана 1-ноябрдан баштап ал ишке кирет. Бул онлайн алдамчылыкка каршы аракеттердин башталышы гана”,-дейт ал. 

УБ төрөгасынын айтымында, жарандар бул механизмди ишке киргизгенден кийин алдамчы жарандын паспорттук-санариптик маалыматтарына, уюлдук телефон номерине ээ болгон күндө да өлкөдөгү бир дагы банк, микро-финансылык, кредиттик уюм ага насыя бере албайт. Ошондой эле тыюу механизмин киргизген жаран гана аны кайра ала алат. 

    Аталган жыйында КРнын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов сөз сүйлөп, бул насыя алууга тыюу салуу механизмин киргизүү менен бирге эле аны кайра алып салуу жолу да бар экенин кошумчалады. «Эгер бул механизмди киргизген жаран өзү насыя алгысы келсе «Түндүк» тиркемесине кирип, аны кайра алып койсо болот. Бирок, тыюу салуу механизми алынгандан кийин 12 сааттан кийин банктар насыя бере алат. Бул кыргызстандыктардын насыя алар алдында насыя алуунун пайда, зыяндарын таразалап туруп, туура чечим менен банктан акча алуусуна шарт түзөт»,-дейт ал. 

Буга улай министр журналисттердин көзүнчө биринчилерден болуп насыя берүүгө өзүнө өзү тыюу салуу механизмин өз атынан ишке киргизди. Ал үчүн алгач уюлдук телефонунан «Түндүк» тиркемесине кирип, ал жерден «Насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу» кызматын тандап, «Өтүнмөнү тариздөө» баскычын басты. Андан соң ал Кыргызстандагы «Ишеним» менен «СЭС» кредиттик бюросунун бирин тандап, механизмди ишке киргизүүнү ырастады. Ага удаа эле А.Жамангулов уюлдук телефонунан бул тыюу салуу механизмин чечүү жолун да көрсөтүп кетти. 

«Бул механизм кибергигиена жана киберкоркунуч маселесинин  кичинекей бир бөлүгү. Ошондуктан министрлик бул кибергигиена жана киберкоркунуч маселеси боюнча ишти мындан ары да улантат»,-дейт министр. 

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып УБ төрагасынын орун басары насыя алууга өзүнө өзү тыюу салуу механизми онлайн насыя алууга гана колдонуларын баса белгиледи. 

Эске салсак, бул механизм Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип,  Президент 2025-жылдын 30-июлунда аны киргизүүгө кол койгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Киев көчөсү жөө адамдар менен трамвай жүрө турган жол болот

Киев көчөсү жөө адамдар менен трамвай жүрө турган жол болот

Бишкек шаарынын башкы планынын долбоорун коомдук талкуулоонун алкагында Киев көчөсү 2026–2027-жылдары жөө жүргүнчүлөр үчүн, ошондой эле коомдук транспорт жүрө турган көчөгө айландырыларын борбор калаанын вице-мэри Азамат Кадыров билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу 2026–2027-жылдарга пландалган жана каржылоо каралган. Алгачкы этапта Киев көчөсүндө электробустарды ишке киргизүү пландалып жатат. Жаңы

Курултайдын жүрүшүндө 94 негизги объекттин ачылышына онлайн старт берилди

Курултайдын жүрүшүндө 94 негизги объекттин ачылышына онлайн старт берилди

IV Элдик Курултайда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө боюнча 94 жаңы социалдык жана өнөр жай объектин онлайн ачты. Ал акыркы беш жылда өлкө экономикалык кризистен ийгиликтүү чыгып, туруктуу өсүшкө жеткенин белгиледи. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү натыйжасында бажы кирешелери 46,8 миллиард сомдон 150,2 миллиард сомго чейин өстү. Министрлер Кабинетинин

Ак-Талаа районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Ак-Талаа районунда сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылында сүттү кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке берилди. Ишкананын негизги максаты — айыл тургундарынын уйларынан алынган сүттү сатып алып, сапаттуу сүт азыктарын өндүрүү. Долбоор облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, курулушка жалпы 30 млн сом каражат жумшалган. Ишкана суткасына 1000 литрге чейин сүттү кайра иштетүү

"Торугарт" көзөмөл пунктунан  21,8 тонна Пакистан уй эти өлкөгө киргизилген жок

"Торугарт" көзөмөл пунктунан 21,8 тонна Пакистан уй эти өлкөгө киргизилген жок

Нарын облусундагы "Торугарт" чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунда Пакистандан Кытай аркылуу ташылып келе жаткан 21 миң 800 килограмм уй эти Кыргызстан аймагына киргизилбегенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, жүк чек ара ветеринардык көзөмөл инспекторлору тарабынан текшерилген. Кароо учурунда Евразия экономикалык