Онлайн кредит алган керектөөчүлөрдүн саны да, алдангандардын саны да көбөйдү

Онлайн кредит алган керектөөчүлөрдүн саны да, алдангандардын саны да көбөйдү

Кыргызстанда кийинки кезде онлайн кредит алган жарандардын саны өсүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Б.Алиев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы керектөө кредиттеринин саны 34 пайызга өскөн жана анын көбү онлайн алынган кредит болгон.  

“Статистикага кайрылсак, 2024-жылы  Улуттук банктын дарегине 1040 арыз катталган анын ичинен 140 онлайн алдамчылык тууралуу болгон. Бул демекчи жалпы арыздангандардын 12 пайызы онлайн кредит аркылуу алдангандар. Ал эми 2025-жылдын октябрынын соңуна чейин карасак, 1218 арыз келип түштү, анын ичинен 216 арыз онлайн алдамчылык менен катталгандар” – деп билдирди Б.Алиев.    

Ушуга байланыштуу Улуттук банк жана Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги биргелешип, онлайн кредит алууга карата өзүнө-өзү тыюу салуу механизмин иштеп чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

ЖКтин төрагасы тендер маселеси бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын жарыялады

ЖКтин төрагасы тендер маселеси бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын жарыялады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу тендер маселесине токтолуп, аталган жараян бардык ишке кедергисин тийгизип жатканын билдирди.  “Мектеп болобу, бала бакча болобу же социалдык багыттагы башка имараттарбы кандай гана курулуштар болбосун бардыгы тендерге байланышкан. Бирок элдин баары ошол тендерден тажады. Анткени, тендерди өткөрүү иши эки-үч айга создугуп, курулуш

ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

Бүгүн Президент Садыр Жапаров “КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган Мыйзам КРнын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр каралган:  – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун

Жеке ишкерликти Салык кызматына кайра каттоонун жолу жөнөкөйлөштү

Жеке ишкерликти Салык кызматына кайра каттоонун жолу жөнөкөйлөштү

Эми жеке ишкердикти кайра каттоо үчүн Салык кызматына барып, убара тартуунун кажети жок. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик мекеме бул процессти мурдагыдан да жөнөкөй жана ыңгайлуу кылган заманбап санариптик кызматты ишке киргизди. Ага ылайык, Салык кызматы ишкердикти кайра каттоо үчүн жаңы онлайн-сервис Cabinet.salyk.kg сайты

2026-жылдын 14-январына карата валюталар курсу

2026-жылдын 14-январына карата валюталар курсу

Материалда КРнын Улуттук банкынын чет элдик валюталардын курстары, ошондой эле алмашуу бюролорундагы төрт валютанын (АКШ доллары, евро, орус рубли, теңге) курстары көрсөтүлгөн. 2026-жылдын 14-январына карата КРнын Улуттук банкынын валюта курстары: 1 АКШ доллары - 87,44 сом; 1 евро - 102,03 сом;  1 орус рубли - 1,11 сом;