ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

ЖК депутаттарынын добуш берүүсү эми манжа издери же беттин геометриясы боюнча ишке ашабы?

Бүгүн Президент Садыр Жапаров “КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аталган Мыйзам КРнын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр каралган:

 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордун белгилөө;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин курамына бир фракциядан, депутаттык топтон 4төн ашпаган мүчө кирет;
– манжалардын издери боюнча жана (же) беттин геометриясы боюнча таануу функциясы бар добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен добуш берүүнүн колдонуу мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып белгилөө - сунушталууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Японияда депутатка шаардык кеңештин жыйындарына беткап менен катышууга уруксат берилди

Нарын шаарында жылуулук берүү 30 откана аркылуу жүргүзүлүүдө

Касымалиев COP31 алкагындагы Лидерлердин саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз-өзбек айыл чарба министрлери кызматташуу боюнча сүйлөшүштү

Өз графиги жана маршруту: курьердин бир күнү