Мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып пул салынды

Мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын жаранына (К.Б.Дж.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Талап боюнча алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн Улуттук банктын лицензиясы бар атайын жабдылган пунктта гана юридикалык жактар акча алмаштыруу укугуна ээ болушат. Ал эми алмашуу бюросунун лицензиясынын мөөнөтү - 5 жылга чейин жарактуу болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте профессионалдык спортчулар үчүн “Мүрөк” медицина борбору курулат

Бишкекте профессионалдык спортчулар үчүн “Мүрөк” медицина борбору курулат

Бишкектин Ленин районунда “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Борбор профессионалдык спортчулар жана улуттук курама командалар үчүн адистештирилген алгачкы комплекс болуп, спортчуларга толук медициналык текшерүү, дарылануу жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ишке кириши менен чет өлкөгө сапардагы дарылануу чыгымдары кыскарып, спорттук даярдык натыйжалуулугу

Нурдан Орунтаев: "Кыргызстан курулушчуларынын эмгек акысы Россияныкына теңелди"

Нурдан Орунтаев: "Кыргызстан курулушчуларынын эмгек акысы Россияныкына теңелди"

Кыргызстан курулушчулары Россиядагыдай эле айлык алып жатышканын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн курулуш тармагында бүгүнкү күндө жумушчу күчү жетиштүү. Атайын жүргүзүлгөн саясаттын негизинде башка өлкөлөрдөн да жумушчулар тартылып жатат. Кытай, Индия жана Бангладештен келген жумушчулар көп. “Эмгек

Кыргызстандан 8 айда 43,4 миллион сомдук минералдык суу экспорттолду

Кыргызстандан 8 айда 43,4 миллион сомдук минералдык суу экспорттолду

Быйыл сегиз айдын ичинде Кыргызстандан чет өлкөгө 1,7 миллион литрден ашык минералдык суу экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. Минералдык суу 9 өлкөгө сатылып, жалпы баасы 43,4 миллион сомду түзгөн. Эң көп суу Өзбекстанга (905,1 миң литр) жана Казакстанга (763,7 миң литр) жөнөтүлгөн.

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулат

Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулат

2025-жылдын 8-ноябрынан тарта 2026-жылдын июнунда чейин ар дем алыш күнү Бишкекте жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чаранын максаты — азык-түлүктүн баасын туруктуу кармоо, калктын социалдык аярлуу катмарына жеткиликтүү тамак-ашты камсыздоо жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо. Жарманке