“Элкарт Мобайл” тиркемеси аркылуу Өзбекстанга акча которуу жеткиликтүү

“Элкарт Мобайл” тиркемеси аркылуу Өзбекстанга акча которуу жеткиликтүү

Өзбекстанга акча которуу эми “Элкарт Мобайл” тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болуп калды. Бул тууралуу Банктар аралык процессинг борборунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, “Элкарт” улуттук төлөм системасы трансчек аралык операциялардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Эми колдонуучулар “Элкарт Мобайл” мобилдик тиркемеси аркылуу акчаны түз эле Uzcard карталарына которо алышат. Өзбекстанга акча жибериш үчүн кийинки бир нече кадамды жасоо талап кылынат:

1️⃣ “Элкарт Мобайл” тиркемесин ачыңыз;

2️⃣ “Кызмат көрсөтүүлөр жана төлөмдөр” → “Банктык кызмат көрсөтүүлөр” бөлүмдөрүнө өтүңүз;

3️⃣ “Чет элдик банк кызмат көрсөтүүлөрү” категориясын тандаңыз;

4️⃣ “Өзбекстандын карталарын толуктоо (Uzcard)” сервисин ачыңыз;

5️⃣ Алуучунун картасынын номерин жана которулчу акчанын суммасын киргизиңиз;

6️⃣ Маалыматтын тууралыгын текшерип, операцияны тастыктаңыз. Акча саналуу секунданын ичинде которулат.

Сервис Өзбекстанга акча каражаттарын жөнөтүүнүн тез, ыңгайлуу жана коопсуз ыкмаларын камсыздайт жана бүгүнкү күндө бул бардык колдонуучуларга жеткиликтүү!

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;