Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат.

Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго салынган инвестициянын көлөмү 1,3 млрд долларды түзөт. Долбоор ишке ашса 200дөн ашык жумуш орду түзүлөт.

Чүй облусунун өнөр жай секторунда дагы бир нече ири долбоорлор бар:

  • Aldos Textile текстиль комбинаты — курулуштун биринчи этабы башталды. Инвестиция көлөмү 20 млн долларга чейин, өндүрүш кубаттуулугу жылына 500 тонна продукция. Ишкана 500гө жакын адамды жумуш менен камсыздайт.
  • "Азия Сталь" заводу — металлургиялык продукция өндүрүшүн ири модернизациялоо жүргүзүлүүдө. Инвестиция көлөмү 1 млрд сомдон ашат.
  • Glass Center — айнек пакеттерин жана алюминий конструкцияларын өндүрүүчү ишкананы ишке киргизүү пландалууда.
  • Nurislam Emerec — жылына 150 миң чарчы метр ЛДСП өндүрө турган мебель өндүрүшү. Инвестиция көлөмү 600 миң доллардын тегерегинде, 150 жумуш орду түзүлөт.

Ал эми борбор калаада маанилүү долбоорлордун бири — Промсклад KG компаниясы куруп жаткан заманбап соода-логистикалык борбор. Анын аянты 6 миң чарчы метр, долбоордун баасы 6 млн доллар. Бул объект ишке киргенден кийин Бишкек шаарынын тургундары үчүн 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media