Улуттук банктын токтомунун долбоору коомдук талкууга сунушталды
Улуттук банктын Башкармасынын «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды.
Токтом долбоорунда жашыл каржылоо продуктулары жана гендердик дезагрегацияланган маалыматтарды топтоо үчүн, коммерциялык банктардын регулятивдик банктык отчетуна толуктоолор, ошондой эле коммерциялык банктардын регулятивдик банктык отчетунун айрым бөлүктөрүн берүү мөөнөттөрүн өзгөртүү каралган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.