Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Евробиримдик: Кыргызстандын эки банкы санкциялар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн

Ушул жылдын октябрь айында Евробиримдик Россияга каршы 19-санкциялар пакетин бекитип, ал Кыргызстандагы "Толубай" жана "Евразийский сберегательный банк" банктарына да тиешелүү болгон.

Ошондой эле тизмеге "Олд Вектор" жана "Гринекс" ЖЧКлары киргизилген. Эл аралык кызматташтык боюнча ЕБнин комиссары Йозеф Сикела бул банктар жана компаниялар ЕБнин Россияга каршы санкцияларын айланып өтүү коркунучуна байланыштуу тизмеге киргизилген.

"Аларды тизмеге киргизүү — Европалык биримдиктин Россияга карата санкцияларын айланып өтүү боюнча тынчсызданууларга байланыштуу. Тизмеден чыгаруу, албетте, мүмкүн; тиешелүү негиздер актуалдуулугун жоготкондо бул каралышы мүмкүн. Биз бардык чараларды үзгүлтүксүз карап чыгабыз жана кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалогду кубаттайбыз", — деди ал.

Йозеф Сикеланын белгилешинче, ЕБ Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин эки банкка карата санкциялар киргизилгенден кийин көзкарандысыз аудит жүргүзүү өтүнүчүн кабыл алган.

"Кийинки кадамдар текшерилген далилдердин негизинде жана Евробиримдик процедураларын толук сактоо менен ишке ашат. Биз бүт процесс жүрүшүндө кыргыз бийлиги менен ачык жана конструктивдүү түрдө иштөөнү улантабыз", — деп жыйынтыктады ЕБнин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;