Кыргызстандагы 98 000 жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Кыргызстандагы 98 000 жаран насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

2025-жылдын 1-ноябрында жарандардын финансылык коопсуздугун камсыздоого багытталган жаңы механизм “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” системасы ишке киргизилген.  Ошондон бери алдамчылардын курмандыгы болуудан сактанууну туура тапкан жарандардын саны күн санап өсүүдө.

Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалымдагандай, 1-ноябрдан 19-декабрына чейинки мезгил аралыгында 98 003 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштеткен.

Эске салсак, алдамчылыкты алдын алуу жана керектөөчүлөрдү коргоо максатында “өзүнө-өзү тыюу салуу” механизмин Улуттук банк жана Санарип министрлиги менен биргеликте киргизишкен.

 Өзүнө-өзү тыюу салуунун жолу: «Түндүк» мобилдик кирүү → “Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу” кызматын тандоо → “Өтүнмө жиберүү” → Кредиттик бюрону тандоо → Иш-аракетти тастыктоо. Коргоо дароо активдүү болот. Кененирээк маалымат шилтемеде: https://www.youtube.com/watch?v=lW7gLxhcBhA&t=94s

Мындан тышкары окуңуз

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык