Бишкектеги 3 акча алмаштыруу бюросу айыпка жыгылды
КРнын мыйзамдарын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы үч алмашуу бюросу айыпка жыгылды.
Улуттук банк тараткан маалыматка ылайык, үч алмаштыруу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Азыркы тапта Улуттук банктын лицензиясына ээ болуп, Кыргызстандын бардык аймактарында ишмердүүлүк жүргүзгөн 830 акча алмаштыруу бюросу бар. Алардын ишмердүүлүгү регулятордун тыкыр көзөмөлдөп турат.