Германияда өлкө тарыхында эң ири банк тоноо болду

Германияда өлкө тарыхында эң ири банк тоноо болду

Германиянын батышындагы Гельзенкирхен шаарында Sparkasse банкынын бөлүмү тонолду. DW агенттиги жергиликтүү полицияга таянып билдиргендей, кылмышкерлер банктык сейфтер жайгашкан бөлмө менен ага жанаша турган автоунаа токтотуучу жайдын ортосундагы бетон дубалды тешип киришкен.

Полициянын маалыматына ылайык, бир нече миң сейф бузулуп, келтирилген зыян ондогон миллион еврого бааланууда. Күбөлөрдүн айтымында, 28-декабрдын кечинде көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын тепкичинде чоң сумкаларды көтөрүп жүргөн белгисиз эркектерди көрүшкөн.

Байкоо камераларынын жазуулары 29-декабрдын таңында токтотуучу жайдан кара түстөгү Audi RS 6 унаасы чыгып кеткенин көрсөткөн. Унаадагы адамдар беткапчан болгон. Автоунаанын номер белгиси мурда Ганновер шаарында уурдалганы аныкталган. Полиция бул тоноону "абдан кесипкөй деңгээлде жасалган" деп баалады.

dpa агенттиги тергөөчүлөргө таянып билдиргендей, болжол менен 3 200 сейф бузулуп, жалпы суммасы 30 миллион еврого жакын акча, алтын жана баалуу зер буюмдар уурдалган. Сейфтердеги мүлк көп учурда жашыруун болгондуктан, так зыянды аныктоо кыйын.

Associated Press агенттиги Гельзенкирхен полициясына таянып, келтирилген зыян 10 миллиондон 90 миллион еврого чейин жетиши мүмкүн экенин маалымдады. ЖМКлар бул окуяны Германиянын тарыхындагы эң ири тоноолордун бири деп атап жатышат.

Sparkasse банкы ар бир сейф 10 300 еврого чейин камсыздандырылганын билдирди. Бирок 29–30-декабрда банктын имаратынын алдына нааразы болгон кардарлар чогулуп, көпчүлүгү алардын жоготуулары камсыздандыруу суммасынан кыйла жогору экенин айтышкан. Жалпысынан 2 700гө жакын адам жабыркаган.

Мындан тышкары окуңуз

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүштөн алынган 117 кызматтык унаа тапшырылды. Бул максатка 176,9 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт башчы өз сөзүндө маданият тармагын каржылоо акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 2,8

Жумуртканын баасы турукташууда

Жумуртканын баасы турукташууда

Бишкек шаарында тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, рыноктогу абал көзөмөлгө алынды. Аталган кызматтан билдиргендей, 14–15-март күндөрү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында базарларда жана соода түйүндөрүндө жумуртканын баасы төмөндөгөнү байкалды. Азыркы учурда баалар 10 даана үчүн орточо 110 сомдон 160 сомго чейин түзүүдө.

Лейлек районунда  3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Лейлек районунда 3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу этапта, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот. Бүгүнкү күндө таза суу

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

Япония Кыргызстандагы ишкерлер үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштады?

28-февралдан 4-мартка чейин Кыргызстанда Япония делегациясынын иш сапары болуп өттү. Делегацияны Тотиги префектурасынын Кредиттик кепилдик корпорациясынын директору Кацуми Анзай жетектеди. Бул тууралуу "Кепилдик фонд" ачык акционердик коомунан билдиришти. Сапардын негизги максаты — кредиттик кепилдик системалары боюнча тажрыйба алмашуу жана чакан, орто бизнести колдоо багытында кызматташууну өнүктүрүү. Делегация "Кепилдик