Жумуртканын баасы турукташууда

Жумуртканын баасы турукташууда

Бишкек шаарында тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, рыноктогу абал көзөмөлгө алынды.

Аталган кызматтан билдиргендей, 14–15-март күндөрү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында базарларда жана соода түйүндөрүндө жумуртканын баасы төмөндөгөнү байкалды. Азыркы учурда баалар 10 даана үчүн орточо 110 сомдон 160 сомго чейин түзүүдө.

 Соода түйүндөрүндө баалар продукциянын түрүнө, өндүрүүчүгө жана жайгашкан жерине жараша айырмаланып, орточо баасы 110–150 сомдун чегинде сатылууда.

Кызмат тарабынан соода тармактары жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, негизсиз баа көтөрүүгө жол бербөө боюнча макулдашууларга жетишилди. Баанын төмөндөшү орточо эсеп менен 1 даанасына 1–3 сомду түздү.

Эске салсак, буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жумуртка жеткирүүлөрүнүн азайышы, тоокторду жаңылоо жана пландуу эмдөө иштерине байланыштуу убактылуу кымбаттагандыгы айтылган.  Мындан сырткары сезондук фактор да таасир этээри маалымдалууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Аргентинанын айыл чарба тармагында кызматташуусу талкууланды

900 миң сом опузалоого шектелген УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Ала-Букада көмүрдүн килограммы 7 сомдон 9 сомго чейин сатылууда

Ысык-Көлдө пансионат курган ишканага 200 миң сом айып салынды

Вайс-Ситиге жетүү үчүн 6,5 саат: Кыргызстанда GTA VI оюнун жүктөп алуу канча убакытты талап кылат?