Эми акча алмаштыруучу жайлар кардарлардын каражат булагын текшерүүгө милдеттүү

Эми акча алмаштыруучу жайлар кардарлардын каражат булагын текшерүүгө милдеттүү

КРнын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык, атайын чара көрүү каралган. Ага ылайык, бул чара террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы багытталган.

Улуттук банктын токтомундагы негизги талаптар:

100 000 сомдон 1 млн сомго чейинки операцияларда кардардын өздүгүн аныктаган документтер (паспорт, аскердик билет, айдоочулук күбөлүк же чет өлкөлүктөр үчүн жашап туруу уруксаты) талап кылынат. 

·       100 миң сомдон жогору операциялар сөзсүз катталат

·       Айрым категориядагы кардарлардан (таанымал кыргыз жарандары, белгилүү чет өлкөлүктөр жана башкалар) каражаттын кайдан келип чыкканын тастыкташы керек

·       Акча алмаштыруу жайларынын кызматкерлери кардарды Кыргызстандын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмесине кирген-кирбегенин текшерүүгө милдеттүү

·       Тобокелдүү делген операцияларга кошумча документтер суралып, аны жүргүзүүгө акча алмаштыруу жайынын жетекчиси уруксат бериши зарыл

·       Эгерде нак чет өлкө валютасында ишке ашырылган операцияларда шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери камтылган болсо банк, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери жана алмашуу бюролорунда ишке ашырылган операциялар суммасына карабастан, шектүү операция экендиги таанылгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.

 Суммасы 100 000 сомго чейинки чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу операцияларын жүргүзүүдө кардардын резиденттиги анын оозеки билдирүүсү боюнча аныкталышы мүмкүн.

 Токтом 14-январдан тарта күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте чарба кызматкерлеринин айлык акысы 50%га көтөрүлөбү?

Бишкекте борбор калаадагы Жаштык арена аренасында биринчи жолу турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин (ТЖКЧК) күнүнө арналган масштабдуу иш-чарада Бишкек мэри ТЖКЧК кызматкерлеринин айлык акысы жогоруларын билдирди. Салтанатка шаардык чарба департаментинин кызматкерлери, ошондой эле "Тазалык", "Бишкексвет", "Бишкекшаардыклифт", "Бишкекжашылдандыруу", "Бишкексууканал", "Бишкек ритуалдык

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда бензин 23,5%га кымбаттады

АКШда Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери бензиндин орточо баасы 23,5%га өсткөнүн The New York Times басылмасы билдирди. Басылманын маалыматына ылайык, ишемби күнү өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баасы галлону үчүн 3,68 долларга жетти. Баанын өсүшү дүйнөлүк рынокто мунайдын кескин кымбатташы менен байланыштуу. Акыркы эки жуманын ичинде дүйнөлүк

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды. Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Ошто курулуп жаткан отуздай объектинин биринин да тийиштүү документи жок – Нурдан Орунтаев

Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен чогуу 14-мартта калаада көп кабаттуу үйлөрдү, түрдүү мамлекеттик имараттарды жана жол куруп жаткан ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда айрым ишкерлер курулушту өз акчасына салып жатышканын жана алардын цемент, кыш сыяктуу курулуш материалдарын чыгаруучу заводдордо миллиондогон