Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

Трамптын администрациясы TikTok боюнча келишимден 10 миллиард доллар алат

АКШ президентинин администрациясы Дональд Трамп TikTok тиркемесинин америкалык бөлүмүн инвесторлор тобуна өткөрүп берүү боюнча келишимде ортомчулук кылганы үчүн 10 млрд долларга чейин сый акы алышы мүмкүн экенин The Wall Street Journal басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, TikTokтун америкалык бизнесине инвестиция салган тараптар популярдуу тиркеме АКШ рыногунда ишин улантышы үчүн АКШ өкмөтүнө бир нече ири миллиарддаган төлөмдөрдү төлөөгө макул болушкан.

Инвесторлордун катарына төмөнкү компаниялар кирген:

  • Oracle — булут технологиялары боюнча адистешкен компания;
  • Silver Lake — жеке инвестициялык компания;
  • MGX — Абу-Дабиден чыккан инвестор.
Билдирилгендей, мындай келишим кабыл алынгандан кийин  АКШнын Каржы министрлиги эсебине 2,5 млрд долларга жакын каражат которулган. Кийинчерээк дагы бир нече төлөм жүргүзүлүп, жалпы сумма 10 млрд долларга жетиши күтүлүүдө.

Буга чейин TikTok боюнча алкактуу келишим жарыяланганда Дональд Трамп: "АКШ бул келишимди түзгөнү үчүн эле ири сумма жана кошумча комиссия алат", — деп билдирген.

Аналитиктердин айтымында, мындай көлөмдөгү төлөмдү түздөн-түз АКШ өкмөтүнө төлөө — дээрлик болуп көрбөгөн көрүнүш болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

2027-жылдын 1-февралына чейин Кыргызстанда алманын импортуна тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда ата мекендик багбанчылык чарбаларын колдоо максатында алманы импорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕЭБ мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алма алып келүүгө 2027-жылдын 1-февралына чейин чектөө киргизүү каралган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын аянты

Ишкер Media
Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Караколдо бетон заводун куруу боюнча конкурс жарыяланды

Каракол шаарынын мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында товардык бетон жана темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү заманбап завод куруу долбоору боюнча конкурска катышууга чакырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоордун максаты – шаардагы курулуш жана инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде жаңы пляжды куруу жана инфраструктураны жаңылоо иштерин курулуш материалдары менен камсыз кылуу.

Ишкер Media
Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media