КРУБ: Мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттин көлөмү 2025-жылдын башынан декабрь айына чейин 29,4 % көбөйдү

КРУБ: Мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттин көлөмү 2025-жылдын башынан декабрь айына чейин 29,4 % көбөйдү

Банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 2025-жылдын башынан бери 43,6 % өсүү менен 489,3 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкы 2025-жылдын 30-ноябрына карата банк секторунун өнүгүү тенденциялары тууралуу статистикалык маалыматында билдирди.

Бул убакытта Кыргыз Республикасынын аймагында 21 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 306 филиалы иштеп турган болчу. Маалыматка караганда, бул коммерциялык банктардын кредиттик портфели кийинки тармактар боюнча төмөнкүдөй болуп аныкталган:

өнөр жайына

10,2 млрд ⃀

27,3 %

айыл чарбасына

54,5 млрд ⃀

15,0 %

соода чөйрөсүнө

112,5 млрд ⃀

25,1 %

курулушка

18,1 млрд ⃀

33,0 %

ипотекага

54,2 млрд

38,4 %

керектөө үчүн

172,5 млрд ⃀

73,9 %

жана башкалар

67,3 млрд ⃀

80,0 %

Ал эми ислам принциптери боюнча каржылоо көлөмү жыл башынан бери 100,8 % өсүү менен 18,1 млрд сомду түзгөн. Анын ичинде тармактар боюнча: 

өнөр жайды каржылоо

0,4 млрд ⃀

22,1%  

айыл чарбаны каржылоо

2,2 млрд ⃀

61,9 %

сооданы каржылоо

1,3 млрд

28,9 %

курулушту каржылоо

0,9 млрд

67,3 %

ипотеканы каржылоо

7,1 млрд     

120,4 %

керектөөнү каржылоо

4,3 млрд

166,7 %

башка максаттар

2,0 млрд

98,2 %

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин көлөмү болсо жыл башынан бери 1,9 млрд сомго же 29,4 % көбөйүү менен 8,3 млрд сомду же банк системасынын кредит портфелинин 1,7 % түздү.

Ислам принциптери боюнча берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоонун көлөмү 0,3 млрд сомду же банк тутумун каржылоонун жалпы көлөмүнүн 1,7 % түзүп, жыл башынан бери 0,1 млрд сомго же 17,5 % азайган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүздө 34 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы аянты 0,20 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендигибелгилүү болгон. Ошондой эле аталган жер тилкесине мыйзамсыз

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта айрым аймактарда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкекте 17-мартта саат 09:00дөн 16:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Ч. Айтматов пр., 93/1; 93/2; 93/3; 93/4; 93/5;