Нарын өрөөнүнүн окуучуларына финансылык сабаттуулук сабактары берилүүдө

Нарын өрөөнүнүн окуучуларына финансылык сабаттуулук сабактары берилүүдө

Региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планынын алкагында, КРнын Улуттук банкынын кызматкерлери Нарын районунун Жалгыз-Терек айылынын Р.Усубалиев атындагы орто мектебинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча сабак өткөрүштү.

Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Нарын областтык башкармалыктын адистери  ФКУдын ишмердүүлүгү, үй-бүлөлүк бюджет, төлөм системасы жана QR-коддор тууралуу кеңири маалымат беришти.

Ошондой эле, акыркы кезде элдин көйгөйүнө айланган финансылык алдамчылык тууралуу талкуу жүргүзүлдү. Ушуга байланыштуу «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүү жана чектөөнү алып салуу тартиби окуучуларга тажрыйба жүзүндө көргөзүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласы шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Таласы шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланып жатканын аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулуп жатат. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу жүрүп жатат. Жаңы кампус бардык заманбап окуу

М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

М.Тургунбаев: ESG - экология банктык тобокелдикке айланганда

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев өзүнүн баракчасында “ESG: экология банктык тобокелдикке айланганда” аттуу билдирүүсүн жарыялады. Анда төрага, бир нече жыл мурда ESG негизинен эл аралык конференцияларда угулса, азыр банк тутумунда жана инвестициялык чөйрөдө көбүрөөк талкууланып жатканын билдирип, туруктуу каржылоо убактылуу тенденциябы же жаңы стандартпы?- деген суроону талдоого алды. Тургунбаевдин

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди

13-мартта Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧКсы тарабынан май-канат балыгынын 1,2 миллион чабагы коё берилди. Чабактардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Таласта 5 миң орундуу эл аралык деңгээлдеги стадион курулуп жатат

Кыргыз футбол союзунун жетекчилиги Талас шаарында курулуп жаткан 5 миң орундуу жаңы стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Жумушчу сапар менен объектке КФСтин вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчы Медербек Сыдыков жана президенттин кеңешчиси Аман Каскеримов барышты. КФСтин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө союз өкүлдөрү курулуштун учурдагы баскычын жеринде көрүп чыгып, аткарылып