Талас шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Талас шаарында Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имараты курулуп жатат

Талас шаарындагы Талас университетинин 5 кабаттуу жаңы имаратынын курулушу активдүү уланып жатканын аталган облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, имарат президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен курулуп жатат. Учурда жалпы аянты 5 миң 600 чарчы метрди түзгөн 5 кабаттуу имараттын пайдубалы түптөлүп, экинчи кабатынын курулушу жүрүп жатат. Жаңы кампус бардык заманбап окуу куралдары менен жабдылып, студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Имарат 31-августта мамлекет башчысынын катышуусунда ишке берилери пландалууда.

“Өткөн жылы университеттин эмгек жамааты өкүлчүлүккө кайрылып, окуу жайдын имаратын капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул маселеден кабардар болгон мамлекет башчы жаңы 5 кабаттуу имарат куруу боюнча чечим кабыл алып, анын каржылык маселесин да чечип берген”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн. Ал совет мезгилинен бери иштеп келген Талас педагогикалык окуу жайынын базасында уюштурулган. Ал эми бул педагогикалык окуу жай 1930-жылдары эле өз ишин баштаган. Университеттин билим берүү тарыхы 90 жылдан ашуун убакытты камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант–АБЗ жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет

Кант-АБЗ унаа жолунун 10,2-чакырымынан 11-чакырымына чейинки тилкесинде ресайклинг технологиясы менен асфальт басуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 10-октябрдан 17-октябрга чейин аталган тилкеде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Чектөө жол куруу иштерин сапаттуу жүргүзүү жана жаңы төшөлгөн

Ишкер Media
Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткенде 13 жетим балага жер тилкеси берилди

Баткен облусунун прокуратурасы жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 13 тоголок жетим балага кезексиз жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер тилкелери турак жай куруу үчүн берилген. Прокуратура жергиликтүү бийлик органдарына прокурордук актыларды киргизип, жетим

Ишкер Media
Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуштарды текшерүүнү улантууда. Бут тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаыйык, текшерүү учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылындагы суу кампа объектисинде курулуш ченемдери жана талаптар бузулганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Жолдош-Курулуш" ЖЧКсына акт

Ишкер Media
Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media