Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Белгисиз адамдар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу жарандарга алардын атына акча которулгандыгы, бирок ал акча каражаттарды алуу үчүн комиссиялык төлөм төлөө зарылдыгы жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.

Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, бул алдамчылыктын схемасы болуп саналат. Ошондуктан мындай билдирүүлөргө жана чалууларга ишенбей,  бейтааныш адамдарга акча которуу операцияларын жүргүзбөш керек. Эгерде күмөн саноо болсо, расмий булактардагы маалыматтарды кайрадан текшерүү сунушталат.

Белгилей кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жарандарга жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.

Мындан тышкары окуңуз

Маркировкасы жок 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жок

Маркировкасы жок 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жок

7-апрелде Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу “Ак-тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Казакстан Республикасынан импорттолуп келген 22 тонна картошка продукциясы текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында талапка ылайык маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар

Азия чемпионаты: Кыргызстан грек-рим күрөшүндө 3 алтын медаль утуп алды

Азия чемпионаты: Кыргызстан грек-рим күрөшүндө 3 алтын медаль утуп алды

7-апрелде Бишкек шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттештер жыйынтыкталып, кыргызстандык балбандар үч алтын медаль багындырышты. 63 кг салмак категориясында Афтандил Таалайбек уулу финалда ирандык Эрфан Жарканини 7:2 эсебинде жеңип, Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келди. 77 кг салмакта Акжол Махмудов чечүүчү кармашта ирандык

Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 арыз каралды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 арыз каралды

Бишкекте жер мунапысынын алкагында иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштерди жүргүзүүдө. Комиссия тарабынан 37 материал каралып, ар бири боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.

Садыр Жапаров аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Жарандык кодекске жана Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документ аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө, алардын укуктарын өз алдынча коргоого катышуусун кеңейтүүгө жана аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Жаңы