Жалал-Абадда эки акча алмаштыруу жайына айып пул салынды
Жалал-Абаддагы акча алмаштыруу бюролорунун мыйзам бузганы аныкталып, ар бирине 55 000 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облусттук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен, мыйзамдарды жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Жалал-Абаддагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бул чара банктардын жана алмашуу пункттарынын мыйзамга ылайык иш алып баруусун камсыздоо максатында кабыл алынган.