КРда электрондук акчаны мурастоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
Жогорку Кеңеште электрондук акчаны мурастоо тартибин мыйзам деңгээлинде жөнгө салган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Документ электрондук акчаларды жарандык укуктун объектиси катары таанып, аларды мураскерлерге өткөрүп берүүнү камсыздоого багытталган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын статистикалык маалыматына ылайык, өлкөдө 6,5 млн ашык электрондук капчык катталган. Жалпы 3 миллиондон ашык уникалдуу колдонуучусу бар, ал эми капчыктардагы каражаттын жалпы көлөмү 1 млрд 380 млн сомго жетет -мындай билдирүүнү мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров белгиледи.

Анын айтымында, Жарандык кодекске электрондук акчалар мүлктүн курамына кирет деген норма киргизилет жана бул мыйзам санарип капчыктардагы каражаттарды кадимки банк эсептери сыяктуу эле мурастоого мүмкүндүк берет.
“Жарандык кодекстин 1120-беренесине ылайык, мурастын курамына мурас ачылган учурда мураскорго тиешелүү бардык укуктар жана милдеттер кирет. Ошону менен бирге мыйзам долбоору менен КРнын төлөм системасы жөнүндө мыйзамдын 6-беренесинде электрондук акчанын кармоочу каза болгон учурда нотариустун суроо талабын, мамлекеттик органдын катын же мураскорлордун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн талабын алган учурда, электрондук акчаны эмитентинин аракеттери каралган ченемдер менен толуктоо сунушталууда”-дейт Айбек Айдаров.
Айдаровдун айтымында, «Төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, электрондук акчанын ээси каза болгондо, эмитент нотариустун же мураскордун өтүнүчү менен каражаттарды убактылуу блоктоп, маалымат берип, укуктар тастыкталгандан кийин мураскерлерге өткөрүп берүүгө милдеттендирилет.
“КРнын учурдагы мыйзамдарында электрондук акчанын кармоочусу каза болгон учурда анын укуктук режимин электрондук акча боюнча операцияларды токтотуу жана мураскорлорго которуу тартибин жөнгө салуучу атайын ченемдер жок” – деп билдирди баяндамачы.
Сунушталган өзгөртүүлөр укук коргоо практикасынын бирдейлигин, жарандардын мүлктүк укуктарын коргоону жана электрондук акча менен операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууну камсыз кылмакчы.