УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

УКМК кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду

УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан акча каражаттарын мыйзамсыз өздөштүрүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып, жеке кызыкчылыктарын көздөшкөн.

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти