2025-жылдын IV чейрегинде төлөм системаларында 95 мүчүлүштүк катталган
Кыргызстанда 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде төлөм системаларынын ишинде 95 штаттан тышкаркы жагдай катталган. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын талдоосунда айтылат.
Маалыматка ылайык, мындай үзгүлтүккө учуроонун негизги себептери ар түрдүү болгон. Анын ичинен кызмат көрсөтүүчүлөргө байланышкан көйгөйлөр 42,11%ды түзсө, электр энергиясынын өчүшү 35,79% түзгөн. Аппараттык-программалык жабдуулардагы мүчүлүштүктөр 16,84%, ал эми байланыш каналдарындагы үзгүлтүккө учуроо 5,26%ды түзгөн. Ошол эле учурда Улуттук банк бул жагдайлар олуттуу финансылык жоготууларга алып келбегенин жана рыноктун башка катышуучуларына таасир этпегенин белгилейт.

Мындан тышкары, SWIFT сервис-бюросунун иши туруктуу болуп, анын жеткиликтүүлүк деңгээли 100%ды түзүп, операциялык тобокелдиктер минималдуу деңгээлде сакталган.
Ал эми төлөм карталары боюнча санкциясыз операциялар катталгандыгы маалымдалууда. Улуттук банктын билдирүүсүнө ылайык, VISA карталары - 591, Mastercard - 61 жана «Элкарт» карталары - 50 мыйзамсыз операция жүргүзүлгөн. Жалпы суммасы 29 млн сомдун тегерегинде бааланган.
|
Санкциясыз
ишке ашырылган |
2025-ж.IV
чейрек (саны) |
2025-ж.IV
чейрек (көлөмү, сом) |
|
Бардыгы |
702 |
28 962 860,36 |
|
Visa боюнча |
591 |
25 403 235,04 |
|
MasterCard
боюнча |
61 |
2 176 640,97 |
|
Элкарт боюнча |
50 |
1 382 984,35 |
Мындан сырткары, чет өлкөлүк банктардын карталарын колдонуу менен 13 санкциясыз операция катталып, алардын суммасы 383,7 миң сомду түзгөн.