Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саткан өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда.

Мындан 10 күн мурда, 9-мартта Улуттук банктын алтын куймасынын 100 гр - 1 491 831 сом турса, бүгүн 19 мартта - 1 417 234 сомдон сатылып жатат.

Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу баасын күн сайын сом менен белгиленет. Баа баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде аныкталып, КРУБ расмий сайтында жарыяланат.

Салыштыруу үчүн бүгүнкү, 10 күн  жана 1 жыл мурдагы Улуттук банктын 1, 10 жана 100 граммдык алтын куймаларынын сатып алуудагы баасын кароого сунуштайбыз.

19.03.2026

09.03.2026

19.03.2025

1 гр -15 917

1 гр - 15 943

1 гр - 9 895.50

10 гр - 145 236

10 гр -  145 431

10 гр -  86 746.50

100 гр - 1 417 234

100 гр -   1 491 831

100 гр -   875 886.50

Таблицада көрсөтүлгөндөй, өлчөнгөн алтындын баасы былтыр ушул убакта бир кыйла арзан болгон. Ал 2025-жылдын сентябрь айынан баштап акырындык менен өсө баштаган.

Улуттук банктын алтын куймаларын кайра сатуу мүмкүнчүлүгү бул активди жарандар үчүн ыңгайлуу инвестиция катары кароого шарт түзүп жатат. Айрымдар аны акча топтоо каражаты катары сатып алса, башкалары белек катары да колдонушат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү

Корумду – Балбай баатыр жолунун курулушу 91%га аяктады

Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилди