Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы төмөндөй баштады
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы саткан өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда.
Мындан 10 күн мурда, 9-мартта Улуттук банктын алтын куймасынын 100 гр - 1 491 831 сом турса, бүгүн 19 мартта - 1 417 234 сомдон сатылып жатат.
Улуттук банк алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу баасын күн сайын сом менен белгиленет. Баа баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде аныкталып, КРУБ расмий сайтында жарыяланат.
Салыштыруу үчүн бүгүнкү, 10 күн жана 1 жыл мурдагы Улуттук банктын 1, 10 жана 100 граммдык алтын куймаларынын сатып алуудагы баасын кароого сунуштайбыз.
|
19.03.2026 |
09.03.2026 |
19.03.2025 |
|
1 гр -15 917 |
1 гр - 15 943 |
1 гр - 9 895.50 |
|
10 гр - 145 236 |
10 гр - 145
431 |
10 гр - 86
746.50 |
|
100 гр - 1 417 234 |
100 гр - 1 491 831 |
100 гр - 875 886.50 |
Таблицада көрсөтүлгөндөй, өлчөнгөн алтындын баасы былтыр ушул убакта бир кыйла арзан болгон. Ал 2025-жылдын сентябрь айынан баштап акырындык менен өсө баштаган.
Улуттук банктын алтын куймаларын кайра сатуу мүмкүнчүлүгү бул активди жарандар үчүн ыңгайлуу инвестиция катары кароого шарт түзүп жатат. Айрымдар аны акча топтоо каражаты катары сатып алса, башкалары белек катары да колдонушат.