Улуттук банк “Керектөөчү кредит” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга сунушталды. Документ Улуттук банктын ченемдик актыларын жаңы кабыл алынган мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Улуттук банктын маалыматына караганда, долбоор 2025-жылдын 28-октябрындагы №237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» жана 2025-жылдын 28-октябрындагы №238 «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдардын негизинде даярдалган.
Маалыматка ылайык, сунушталган өзгөртүүлөр жогоруда аталган мыйзамдарды шайкеш келтирүү менен катар кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, каржылоо шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, ашыкча карыз жүгүн алдын алууга жана ак ниетсиз тажрыйбаларга бөгөт коюуга багытталган.
Анын алкагында банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ишин жөнгө салган бир катар ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Алардын ичинде пайыздык чендерди эсептөө тартиби, ислам каржылоо принциптерине байланыштуу жоболор, типтүү келишимдерге талаптар, кредиттик тобокелдиктерди башкаруу, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын аныктоо саясаты камтылган.
Улуттук банктын маалыматына караганда, бул өзгөртүүлөр каржы рыногундагы тартипти күчөтүп, керектөөчүлөр үчүн ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүүгө багытталат.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Ченемдик актылар» бөлүмүндө, ошондой эле коомдук талкуу үчүн бирдиктүү портал — koomtalkuu.gov.kg сайтында жайгаштырылган.