Салык карызын банктык эсептен, электрондук капчыктан өндүрүү кантип ишке ашат?

Салык карызын банктык эсептен, электрондук капчыктан өндүрүү кантип ишке ашат?

Мамлекеттик салык кызматы билдирүү берилгенден кийин 30 күндүн ичинде төлөнбөгөн салык карыздарын жарандардын банктык эсептеринен жана электрондук капчыктарынан түз өндүрүп алуу тартибин түшүндүрдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, салык карызын эсептен түз чыгарып алуу дароо эле ишке ашпайт. Ал үчүн төмөнкүдөй шарттар аткарылышы керек:

  1. Салык төлөөчүгө карызы тууралуу расмий билдирүү тапшырылат.
  2. Билдирүү берилгенден кийин жаранга карызды ыктыярдуу төлөө үчүн 30 календардык күн убакыт берилет.
  3. Эгерде бул мөөнөттө төлөм жүргүзүлбөсө, Салык кызматы банктагы эсептерден же электрондук капчыктардан каражатты түз өндүрүү жол-жобосун баштайт.

Акча каражаттарын эсептен чыгаруу үчүн карыз сөзсүз түрдө таанылган болушу шарт. Ага төмөнкүлөр кирет:

  • Салык төлөөчү өзү тапшырган отчетто (декларацияда) көрсөтүлгөн суммалар;
  • Салык органы тарабынан эсептелип, бирок мыйзамда белгиленген мөөнөттө жаран тарабынан даттанылбаган суммалар;
  • Күчүнө кирген соттун чечими менен бекитилген карыздар;
  • Салык төлөөчү арыз аркылуу өзү моюнга алган суммалар.
"Салык кызматы салыктарды төлөө мыйзам менен бекитилген ар бир жарандын милдети экенин эскертет жана салыктык милдеттенмелерди өз убагында текшерип, карыздардын пайда болушуна жол бербөөгө чакырат",— деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media