Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды
Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.
Ага ылайык, 30-марттан 3-апрелге чейинки Акча жумалыгынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, финансылык компаниялар жана билим берүү мекемелери менен биргеликте бир катар иш-чараларды өткөрүшөт. Окуучулар жана студенттер үчүн ачык сабактар жана окутуу семинарлары/лекциялар, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрү жана экскурсиялар, интерактивдүү оюндар/сынактар жана викториналар уюштурулат. Иш-чаралардын жүрүшүндө финансылык коопсуздук, акчаны башкаруу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана туура финансылык чечим кабыл алуу боюнча маалыматтар берилет.
Дүйнөлүк акча жумалыгынын иш-чаралар планы Улуттук банктын расмий сайтында жана www.finsabat.kg сайтында жайгашкан.