BAKAI автоунаага чыгымдардын 5%ын кайтарат: апрелде автосервис жана тетиктерге кэшбек

BAKAI автоунаага чыгымдардын 5%ын кайтарат: апрелде автосервис жана тетиктерге кэшбек

BAKAI Visa жана Элкарт+ карталарынын колдонуучулары үчүн жогорулатылган 5% кэшбек менен апрель айындагы акцияны баштайт. 

2026-жылдын 1-апрелинен 30-апрелге чейин банктын кардарлары автоунааны тейлөөдөн тартып тетиктерди сатып алууларга чейинки чыгымдарды төлөөдө кошумча пайда көрүшөт. Бул автомашинага кам көрүүгө кеткен каражатты байкаларлык үнөмдөйт. 

Апрель айында BAKAI'дын Visa жана Элкарт+ карталарынын колдонуучулары төмөнкү категорияларга төлөм жүргүзүүдө 5% кешбэкке ээ болушат:

•          автотетиктер жана аксессуарлар;  
•          автодүкөндөр;
•          автодөңгөлөктөр;
•          унааны сырдоо;
•          унааны жууганга;
•          жалпы багыттагы ТТСга;
•          автомобилдик транспорттор үчүн техникалык тейлөө станцияларында. 

Кешбэк төлөм жүргүзүлгөн соң айдын аягында эч кандай каттоосуз, промокодсуз жана кошумча шарттарсыз дароо которулат. 

Автоунаа туруктуу каражат сарптоону талап кылат, ошондуктан BAKAI бул чыгымдарды пайдага айландырууну ишке ашырат. Эми техникалык тейлөө станцияларына баруу, тетиктерди сатып алуу же унааны тейлөө, оңдоо үчүн чыгымдардын бир бөлүгү кайтарылат. 

Аталган акция автоунааларды мыкты абалда алып жүрүүгө шарт түзгөндөн тышкары, ар бир төлөмдү пайдалуу кылуу менен көнүп калган чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

Кененирээк маалымат BAKAI мобилдик тиркемесинде жана bakai.kg. сайтында жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызнефтегаз" иши боюнча Шайырбек Ташиев 16-майга чейин СИЗОго камалды

"Кыргызнефтегаз" иши боюнча Шайырбек Ташиев 16-майга чейин СИЗОго камалды

Биринчи Май райондук соту Шайырбек Ташиевге карата бөгөт коюу чарасын тандаганын соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттун чечими менен ал 16-майга чейин СИЗО-1га камакка алынды. Адвокат Жыргал Бабаев анын кардары күнөөсүн моюнга албай турганын билдирди. Анын айтымында, айыптоо жетиштүү негизделген эмес, ошондуктан коргоо тарабы соттун чечимин даттанууну көздөп жатат. Ошондой

ӨКМ жарандык коргонуу чараларын аткарбагандарды айыпка тартат

ӨКМ жарандык коргонуу чараларын аткарбагандарды айыпка тартат

Министрлер кабинети өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгеледи. Документке ылайык, жаңы административдик жаза чаралары киргизилет. Тактап айтканда, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 143-1-берене кошуу сунушталууда. Ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү талаптарын аткарбагандарга катуу айып пулдарды белгилейт: * жеке жактар үчүн — 100 эсептик көрсөткүч (10 000 сом) * кызмат адамдары

Токмокто 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталды

Токмокто 2 чакырым жолго асфальт төшөө иштери башталды

Бүгүн Токмок шаарындагы Кошой – Алчалуу – Кызыл-Аскер унаа жолунун 5,7-6,6 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Аталган жол тилкеси титулдук тизмеге кирип, жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт. Оңдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №954 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Маалыматка ылайык, жолдун 2

Тажикстан президенти өлкөдө азык-түлүк быйыл кескин кымбаттай турганын билдирди

Тажикстан президенти өлкөдө азык-түлүк быйыл кескин кымбаттай турганын билдирди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл азык-түлүктүн баасы мурда болуп көрбөгөндөй өсүшү мүмкүн экенин эскерткенин "Озоди" радиосу маалымдаганын "Азаттык" жазды. 30-мартта ал адистердин анализине таянып, акыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн жана анын терс кесепеттеринин натыйжасында азык-түлүк баалары олуттуу өсүшү мүмкүн экенин билдирди.