ӨКМ жарандык коргонуу чараларын аткарбагандарды айыпка тартат

ӨКМ жарандык коргонуу чараларын аткарбагандарды айыпка тартат

Министрлер кабинети өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгеледи.

Документке ылайык, жаңы административдик жаза чаралары киргизилет. Тактап айтканда, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 143-1-берене кошуу сунушталууда. Ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү талаптарын аткарбагандарга катуу айып пулдарды белгилейт:

  • жеке жактар үчүн — 100 эсептик көрсөткүч (10 000 сом)
  • кызмат адамдары үчүн — 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом)
  • юридикалык жактар үчүн — 600 эсептик көрсөткүч (60 000 сом)

Коомдук талкуудан кийин мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна жөнөтүлөт.

Мыйзам кабыл алынса, иштерди кароо жана айып пул салуу укугу жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилет.

Буга чейин, 2025-жылдын сентябрында Министрлер кабинети тиешелүү иш-чаралар планын бекитип, мекеме жана ишканалардын жетекчилерине объектилердин коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөгөн.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media