Улуттук банктын нумизматикалык музейинде экскурсиялар өтүп жатат
КРнын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде Бишкек шаарынын тургундары үчүн экскурсиялар уюштурулуп жатат. Бул ишчара Дүйнөлүк акча жумалыгын алкагында өтүп жаткандыгын Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, экскурсиянын алкагында катышуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышып жатышат.
Ошондой эле, кыргыз сомунун банкнотторунда чагылдырылган көрүнүктүү ишмерлер тууралуу айтылып, финансылык сабаттуулук жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, заманбап коркунучтардын бири болгон дропперлик жана анын кесепеттери тууралуу түшүндүрмө берилүүдө. Мындан сырткары экскурсиянын жүрүшүндө, катышуучулар Түндүк тиркемеси аркылуу өздөрүнө кредит алууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүнөн колдонушуп жатышат.
Улуттук банк мындай экскурсияларды туруктуу негизде жана акысыз өткөрүп турат.