"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү
"АБанк" ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2" (ФОТП–2) программасын ишке киргизди. Бул максатта 500 млн сом каражат бөлүндү.
Жаңы продукт айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. Программа үч негизги багытты камтыйт: мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана заманбап технологияларды киргизүү.
Каржылоо мал чарбачылыгында — мал багуу, канаттуулар, аарычылык жана балык чарбачылыгын өнүктүрүүгө, өсүмдүк өстүрүүдө — үрөн, жер семирткич, өсүмдүктү коргоо каражаттарын жана күйүүчү майларды сатып алууга берилет. Ошондой эле тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары, күнөскана долбоорлору сыяктуу технологиялык чечимдер колдоого алынат.
Программанын алкагында каржылоо суммасы 25 млн сомго чейин, ал эми технологиялык долбоорлор үчүн 50 млн сомго чейин каралган. Пайыздык чен жылдык 6% түзүп, мөөнөтү 60 айга чейин берилет. Жеңилдетилген мезгил пайыздар боюнча 3 айга чейин, негизги карыз боюнча 6 айга чейин каралган.
Банктын маалыматына ылайык, программа агрардык сектордо кооперацияны өнүктүрүүгө, инвестицияларды көбөйтүүгө жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Толук маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн же расмий сайтынан алууга болот.