МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб КУУнун 8-корпусун 3 жылга бекер пайдаланууга берди

МинКаб Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе көчөсү 547 дарегинде жайгашкан корпусун "Бишкектеги Француз Альянсына" пайдаланууга берди. Тиешелүү тескемеге  төрага Адылбек Касымалиев кол койду.

Бул даректе КУУнун 8-корпусу жайгашкан жана университеттин балансында турат.

Документ социалдык маанидеги долбоорлорду жана демилгелерди колдоого багытталган. Ага ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги "Француз Альянсы Бишкекте" коомдук бирикмесине аянты 97,3 чарчы метр болгон жайды 3 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүүгө милдеттендирилди.

Имарат акысыз берилгени менен коммуналдык кызматтар жана эксплуатациялык чыгымдар уюм тарабынан төлөнөт. Ошондой эле тиешелүү келишим түзүү милдеттүү шарт болуп саналат.

Тескемеге ылайык, уюм бул жайды маданий жана билим берүү максатында гана колдонууга тийиш. Үчүнчү жактарга пайдаланууга берүү, субижарага өткөрүү (айрым учурлардан тышкары) жана мүлктү кандайдыр бир жүктөмгө коюу тыюу салынат.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бул чечимди ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталды.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "Француз Альянсы Бишкекте" 2009-жылдын 18-декабрында кайра каттоодон өткөн. Уюм маданият жана эс алуу тармагында коомдук ишмердүүлүк жүргүзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Москва районундагы оорукана жана мектептин абалы менен таанышты

Адылбек Касымалиев Москва районундагы оорукана жана мектептин абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар менен бүгүн Чүй облусунун Москва районунда болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач Беловодское айылындагы Жалпы медициналык практика борбору көрүлдү. Имарат 1970-жылы курулган, 171 орундуу. Борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 ФАПты жетектейт.

Ишкер Media
Улуттук банкта коррупцияга каршы окутуу өттү

Улуттук банкта коррупцияга каршы окутуу өттү

Улуттук банкта кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана ички коопсуздукту бекемдөөгө багытталган окуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу "Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат: стратегиялык багыттары, ишке ашыруу механизмдери жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системалары" темасында лекция окуду. Лекцияда

Ишкер Media
Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Чүйдө өстүрүлгөн 90 сомдук брокколи: импортту жергиликтүү продукция менен алмаштырууну фермер кантип өздөштүрдү

Кыргызстандын базарларында брокколи импорттук азык катары саналат, бирок жергиликтүү фермерлер бул өсүмдүктү өзүбүздө өстүрүүнү өздөштүрө башташты. Алардын бири - Чүй облусундагы Адилхан Мирлан уулунун чарбасы. Быйыл фермер брокколи экинчи жолу өстүрүп жатат. Алгачкы жылы 50 сотых жерге эгилсе, быйыл аянт үч гектарга чейин көбөйгөн. Учурда түшүм жыйноо уланууда. Чарбада жалпысынан 60

Ишкер Media
Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Тамчыдагы курулушта экологиялык мыйзам бузулуп, 28 миң сом айып салынды

Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы курулуш объектисинде экологиялык талаптар бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыдалгандай, жергиликтүү тургундун кайрылуусунан кийин жүргүзүлгөн текшерүүдө курулуш компаниясынын септиги жана саркынды сууларды башкаруу талаптарга жооп бербегени белгилүү болду. Натыйжада Укук бузуулар кодексине ылайык компанияга 28 000 сом айып салынды. Ошондой эле септиктеги

Ишкер Media