Брюссель соту "Бакай Банкка" коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты

Брюссель соту "Бакай Банкка" коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты

Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз деп табылды. Мындай чечимди жакында Брюссель шаарындагы сот кабыл алганбыгын КРнын Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жеке баракчасында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы «Ачык диалог фонду» (ODF) өз сайтында жарыялаган макалаларында «Бакай Банкты» Россияга карата санкцияларды айланып өтүүгө катышкан деп айыптап, ага санкция киргизүүнү сунуштаган. Буга байланыштуу банк уюмду сотко берип, жыйынтыгында соттун чечими банктын пайдасына чыгарылган.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы айрым банктарга карата эл аралык санкциялар дагы деле талкуу жаратууда. Маселен, «Керемет Банк» АКШ жана Улуу Британия тарабынан, ал эми «Капитал Банк» Улуу Британия тарабынан санкциялык тизмеге киргизилген. Бирок бул санкциялар азырынча шектенүүгө гана негизделип, так далилдер ачык жарыялана элек.

Президент Садыр Жапаров буга чейин мындай айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, алар айрым бейөкмөт уюмдардын жана кызыкдар тараптардын негизсиз маалыматтарына таянарын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан банктарга карата бардык шектенүүлөрдү текшерүү үчүн эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт

Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт

Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан Туюк чакан ГЭСинин курулуш иштери бекитилген графикке ылайык толугу менен аяктаганын Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо ушул айда башталат. “Аталган долбоорду ишке ашыруу аймактын

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Аналитиктердин пикиринде, 1-апрелден тарта киргизилген экспортко тыюу Россиянын күйүүчү май рыногундагы абалды толук турукташтыра албайт. Анткени кошумча күйүүчү май көлөмдөрү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун токтоп калуусуна байланыштуу "жутулуп кетерин" "Компания Уфаойл" аналитикалык тобу билдиргенин Коммерсантъ жазды. Тыюу күн сайын өлкө ичинде кошумча 6–7 миң тонна

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, добуш берүү укугуна ээ болгонун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, бул кадам Кыргызстандын эл аралык инвестициялык аренадагы позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү салым

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Кемин" жана "Балыкчы" подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоор Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы