"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Кемин" жана "Балыкчы" подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоону камтыйт.

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов белгилегендей, бул долбоор улуттук энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатып, 220 кВ линияларындагы жүктөмдү азайтууга жана Ысык-Көл облусундагы кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Анын ичинен 61,7 млн евро насыя, 6 млн евро грант каражаты болуп саналат. Кредит 20 жылга, анын ичинде 5 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен берилет.

Талкуу маалында депутаттар каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, көзөмөлдү күчөтүү жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу маселелерине көңүл бурушту.

Мындан тышкары окуңуз

94 миң сомдук “кайрымдуулук” жасаган автоуурулукка шектүү жаран кармалды

94 миң сомдук “кайрымдуулук” жасаган автоуурулукка шектүү жаран кармалды

Ош шаарында жүк салынган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны айдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Маалыматка караганда, окуя 9-июлдан 10-июлга караган түнү болгон. Шектүү үйдүн короосунда токтоп турган, эшиги ачык жана ачкычы ичинде калган унааны айдап качып кеткен. Окуя боюнча укук коргоо

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин алкагында эски асфальт-бетон алынып, жолдун негизи бекемделди. Инженердик тармактар оңдолуп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү. Ошондой эле жол инфраструктурасынын элементтери жаңыртылды. Учурда жол оңдоо иштери бекитилген графикке

Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаран изделип жатат

Баткенде Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен жаран изделип жатат

Баткен районунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы эркек кишини издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, 10-августта саат 18:00 чамасында Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Кара айылынын Кожешкен жерлигинде 48 жаштагы

Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымы асфальтталууда

Ара-Көл – Оро-Башы жолунун 5 чакырымы асфальтталууда

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл – Оро-Башы унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт-бетон төшөө каралган. Учурда №955 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп,