"Кыргыз-Швейцария банкы" он жылдан бери кыргыз-швейцария алакасына тоскоол болду
Кыргызстан менен Швейцария өлкөлөрүнүн алакасын динамикалык өнүгүп жаткан мамилелер, деп айта албайбыз. Ал тургай минуска кеткенбиз, десек жаңылышпайбыз. Мындай пикирин, бүгүн ЖКтин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда, КРдагы Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин 2022-2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу, баяндап жатып КРнын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Амар Султанов билдирди.

Анын айтымында, 2022-2025-жылдардар ичиндеги алакалар көңул жылытаарлык болгон эмес.
“Бир эле мисал Кыргызпатенттин ошол кездеги жетекчиси Рахат Керимбаева 2023-жылы өзүнүн Швейцариядагы кесиптеши менен жолугушуу сурады, бирок кат түрүндө Швейцария тарап жолугушуудан расмий баш тартты. Себебин Кыргыз-Швейцар банкынын “Швейцар” деген сөзүн алып салынышы керектиги менен түшүндүрүшкөн. Ушул сөз алынып салынмайынча Швейцариянын мамлекеттик органдары Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен жоулугушууларга бара албайт деп билдиришкен. Көрсө бул окуя 2013-жылы банк түзүлгөндөн бери эле уланып келе жатыптыр“- дейт Амар Султанов.
Элчинин мында жообуна депутат Жылдыз Садырбаева нааразы болуп, эмне үчүн 10 жылдан бери Кыргыз-швейцария деген аталышты кыргызстандык тийиштүү органдар өзгөртүп койбой жүрүшкөндүгү, Швейцария сыяктуу үлгүлүү өлкө менен алакага кедергисин тийгизген 1 сөздү айтып, сынга алды.
Өз кезегинде элчи Кыргызпатент менен Улуттук банк бул көйгөйдү “проблема катары санабайт” деп билдирди. Айтымында элчиликтин өкүлдөр 10 ирет аталган банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөн, бирок майнап чыккан эмес.
Анткени менен элчинин эки өлкөнүн ортосунда алака жакшы эмес, деген пикирине ТИМ министринин орун басары Кайрат Турсункулов кошулган жок. Анын айтымында 2 тараптуу кызматташтык токтоп калган жок.

“Соода алакалар жүрүп жатат. Болгону карым катнашты жогорулата албай жатабыз. Акыркы жылдары гана интелектуалдык менчиктин алкагында маселе болгон, азыр мындай маселе жок”- деп белгиледи министрдин орун басары.
Ушундан улам, ЖКтин депутаттары мындан кийин өлкөлөр ортосундагы байланышка кайсыл бир банктын “диктовать” эткени болбошуна көңүл бурууну сунушташты.