BAKAI жана UFC: банк кардарлар үчүн беттештерге жеткиликтүүлүк жана өзгөчө артыкчылыктарды сунуштаган эксклюзивдүү Visa UFC картасын ишке киргизүүдө

BAKAI жана UFC: банк кардарлар үчүн беттештерге жеткиликтүүлүк жана өзгөчө артыкчылыктарды сунуштаган эксклюзивдүү Visa UFC картасын ишке киргизүүдө

BAKAI UFC Eurasia (Ultimate Fighting Championship) - аралаш мушташ өнөрү боюнча дүйнөдөгү эң ири эл аралык уюмдун эксклюзивдүү өнөктөшү болуп саналат.

Бул кызматташуунун алкагында банк жаңы продукт - Visa UFC картасын ишке киргизүүдө. Ал кардарлар үчүн өзгөчө сунуштарды, артыкчылыктарды жана профессионалдык спорт дүйнөсүнө жол ачат.

Visa UFC картасы жаркын эмоцияларды, динамиканы жана өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү баалаган кардарлар үчүн иштелип чыккан. Бул продукт финансылык инструменттерди дүйнөдөгү эң популярдуу спорт бренддеринин бири менен айкалыштырат. 

Visa UFC картасынын негизги артыкчылыктары

Картанын ээлери UFC беттештерин көрүү үчүн өзгөчө шарттарга ээ болушат:

• картаны тариздегенде UFC беттештерин 1 ай акысыз көрүү мүмкүнчүлүгү
2-айга жазылууда 50% арзандатуу
3-айга жазылууда 30% арзандатуу

Өнөктөштөрдөн артыкчылыктар

UFC контентине жеткиликтүүлүктөн тышкары, карта ээлери BAKAI өнөктөштөр тармагында атайын арзандатууларды жана сунуштарды алышат.

Өнөктөштөрдүн катарында спорт клубдары, фитнес борборлор жана спорт дүкөндөрү бар, анын ичинде:

• Mixsport.kg
• Maximum Fitness
• Nibbi Racing Kg
• Turpan Fitness
• Real Sport
• Sportzone
• Achilles
• Sportpitaniе.kg жана башкалар.

Өнөктөштөрдүн тизмеси мындан ары дагы кеңейип, кардарларга дагы көп пайдалуу сунуштарды жана өзгөчөмүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.

UFC менен кызматташуу - кардарлар менен иштешүүнүн жаңы форматтарын түзүүгө багытталган кадам. BAKAI финансы, технология жана lifestyle кызматтарды бириктирген экосистемасын өнүктүрүүнү улантууда.
Visa UFC картасынын ишке киргизилиши банктын стратегиясын тастыктайт - кардарларга жөн гана ыңгайлуулук эмес,эмоция, өзгөчө мүмкүнчүлүктөр жана заманбап жашоо стилин сунуштаган чечимдерди түзүү.

Мындан тышкары окуңуз

"Кыргызалтын" былтыр 18,7 млрд сом таза пайда таап, рекорддук көрсөткүчкө жеткен

"Кыргызалтын" былтыр 18,7 млрд сом таза пайда таап, рекорддук көрсөткүчкө жеткен

“Кыргызалтын” ачык акционердик коому 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча рекорддук финансылык көрсөткүчтөргө жетишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда белгилүү болду. Компаниянын маалыматына ылайык, таза пайдасы 18,7 млрд сомду, ал эми жалпы кирешеси 20,7 млрд сомду түздү. Учурда “Кыргызалтындын” курамына 2 филиал, 13 туунду

Курулуш тармагынан эки айда 4 млрд 491 млн сом салык жыйналды

Курулуш тармагынан эки айда 4 млрд 491 млн сом салык жыйналды

2026-жылдын январь-февраль айларында курулуш тармагынан мамлекеттик бюджетке 4 млрд 491 млн сом салык түшкөнүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Бул маалымат курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен өткөн жолугушууда айтылды. Жыйындын жүрүшүндө Шыкмаматов тармактын акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрүнө токтолуп, бюджеттик түшүүлөр туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2020-жылы курулуш тармагынан 1

Касымалиев "Кыргызалтындын" өндүрүштүк иши менен таанышты

Касымалиев "Кыргызалтындын" өндүрүштүк иши менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Сапардын жүрүшүндө компаниянын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөн тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, дүкөндүн жылдык кирешеси 855 млн сомдон ашып, алтынга болгон суроо-талап жогору экени аныкталган. Ошондой

Соцфонд тармактык киберкоопсуздукка 14 млн сом бөлөт

Соцфонд тармактык киберкоопсуздукка 14 млн сом бөлөт

Социалдык фонд киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн программалык-аппараттык комплексти сатып алуу боюнча кайталап тендер жарыялады. Тиешелүү билдирүү мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган. Бул максатка 14 млн 370 миң сом жумшоо пландалууда. Техникалык документтерге ылайык, сатып алынуучу продукт маалыматтарды сактоо жана тармакты коргоо үчүн жабдуу (NGFW) болуп саналат. Тендерге катышуу үчүн жеткирүүчүлөр сунушталган