Курулуш тармагынан эки айда 4 млрд 491 млн сом салык жыйналды

Курулуш тармагынан эки айда 4 млрд 491 млн сом салык жыйналды

2026-жылдын январь-февраль айларында курулуш тармагынан мамлекеттик бюджетке 4 млрд 491 млн сом салык түшкөнүн Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Бул маалымат курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен өткөн жолугушууда айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө Шыкмаматов тармактын акыркы жылдардагы көрсөткүчтөрүнө токтолуп, бюджеттик түшүүлөр туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2020-жылы курулуш тармагынан 1 млрд 876 млн сом түшсө, кийинки жылдары бул көрсөткүч кыйла жогорулап, 2025-жылы 17 млрд 764 млн сомго жеткен.

Ошондой эле ал курулуш компаниялары менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтып, салык режимин жеңилдетүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууга Бишкек шаары, Чүй жана Ош облустарынан келген курулуш тармагынын өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media