Улуттук банк менен ИИМ алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте 10-апрелде финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мобилдик байланыш жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык схемалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча “дропперлик” — жарандардын банктык карталарын жана жеке маалыматтарын үчүнчү жактарга берүү аркылуу мыйзамсыз операцияларга тартуу маселеси талкууланды.
ИИМ өкүлдөрү кылмыштарды ачуу мисалдарын келтирип, алдамчылыкка катышкандарга карата жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүштү. Ал эми Улуттук банк жарандарды жеке маалыматтарды коргоого, шектүү чалууларга ишенбөөгө жана финансылык сабаттуулукту жогорулатууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында киберкоопсуздукту камсыздоодо медиа жана блогерлердин ролу маанилүү экени белгиленип, жарандарды маалымдоо иштерин күчөтүү зарылдыгы айтылды.