Электр энергиясын импорттоону кескин кыскартуубуз керек - президент

Электр энергиясын импорттоону кескин кыскартуубуз керек - президент

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында кечээ, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Жыйында кириш сөз сүйлөгөн президент гидро потенциалга ээ болуп турганда, электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуу керектигин билдирди.

“Жараткан тартуулаган суу ресурстарын туура пайдаланып, электр кубатын өндүрүүнү жогорулатып, элибизди арзан электроэнергиясы менен камсыз кылууга милдеттүүбүз. Кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон “Камбар-Ата-1″ ГЭСинин курулуш иштеринин башталышы — өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоого жол ачат. Кийинки жылдары экспорттук тизмеге электр энергиясын дагы кошууга жетишүүбүз керек”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Улуттук энергохолдингдин башчысы быйыл Түркмөнстандан 1.3 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча мурда келишимдерге кол коюлганын билдирген. Бирок Өзбекстан өз муктаждыгы үчүн Кыргызстан Түркмөнстандан сатып алган электр энергиясын иштетип жиберген.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстандын Энергетика министрлиги Түркмөнстандан сатып алынган, бирок ортодон колдонуп жиберген Кыргызстанга таандык электр энергиясын 2023-жылы кайтарып берүү боюнча келишимди жарыялаган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн

Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп. Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

Акыркы 5 жылда бюджет мүмкүнчүлүктөрү 3,5 эсеге кеңейди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин ресурстары туруктуу өсүштү көрсөттү. Тактап айтканда, көрсөткүчтөр 313,1 млрд сомдон 1 101,4 млрд сомго чейин көбөйүп, беш жыл ичинде 3,5 эсеге өстү. Бул фискалдык саясаттын натыйжалуулугун жана мамлекеттик киреше булактарынын олуттуу кеңейгенин тастыктайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматтарга ылайык, мамлекеттик

АКШ   Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

АКШ Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

БУУ Американын дээрлик 4 млрд доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди деп маалымдайт Kazinform. Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, унаа жолдорунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тазалоо жумуштары аткарылууда. 2026-жылдын 11-февралы, саат 17:00гө карата айрым ашууларда бороон болуп,