Катар биз үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет – Садыр Жапаров

Катар биз үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет – Садыр Жапаров

КРнын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Жапаров өз сөзүндө Катар Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

«Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем. Учурда Катар Мамлекети өркүндөө жолун ишенимдүү улантып, эл аралык аренада көрүнүктүү жетишкендиктерге жетип турган чагы. Дал ушул учурда сиз араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келип турасыз. Үстүбүздөгү жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толуп олтурат», - деп баса белгиледи Жапаров.

Жыйындын соңунда Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Кыргызстан менен Катар ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу өнөктөштүк деңгээлине көтөрүү ниетин баса белгиледи.

Эки өлкөнүн лидерлери бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Read more

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ишканасы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» сыйлыгын алды

«Альянс Алтын» ЖЧКсы «Жылдын мыкты жумуш берүүчүсү» номинациясында AmCham Awards 2024 сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи 2024-жылдын 12-декабрында Америкалык Соода Палатасынын AmCham GALA 2024 жылдык иш-чарасынын алкагында өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. «Альянс Алтын» компаниясы үчүн кызматкерлер ар дайым негизги баалуулук болуп келген. Алардын бакубаттуулугуна дайыма көңүл буруу,

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Элдик курултайдын делегаттары Жерүй кенинин иши менен таанышты

Талас облусунан дайындалган III Элдик курултайдын делегаттары 2024-жылдын 17-декабрь күнү Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө компания делегаттарды Талас алтын кен комбинатынын иштөө процесси, калдык сактоочу жайдын абалы менен тааныштырышты. Андан сырткары тегерек стол уюштурулуп делегаттар

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын  курулушу текшерилди

Жерүйдө калдык сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу текшерилди

Талас облусундагы Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” компаниясынын чакыруусу менен облустагы жарандык активисттерден түзүлгөн Элдик комиссиянын өкүлдөрү кенге барышты. Аталган комиссия буга чейин дагы бир нече жолу кендин иши менен таанышып, көзөмөл жүргүзүп келишкен. Бул ирээт кендин аймагындагы калдык сактоочу жайдын экинчи баскычынын курулуш иштеринин аякташы менен таанышуу болду. Бул

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн