Бишкек менен Чүйдө үч күн жолдор маал-маалы менен жабылат – тизме

Чынгыз Керимбеков
Бишкек менен Чүйдө үч күн жолдор маал-маалы менен жабылат – тизме

Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, буга Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий сапар менен келиши себеп болууда.

Чектөө кире турган жолдор:

· «Манас» эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

· Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек Жолу проспектисине чейин;

· Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;

· Жаш Гвардия бульварынан түштүктү карай Жибек Жолу проспектисинен тартып Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;

· Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейинки бөлүгү;

· Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен түштүктү карай «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

· «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин;

· Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолу аркылуу Токмок шаарына чейин.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа токтотууга болбойт. Оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турганы оң. ЖКККББ айдоочуларды инспекторлордун талаптарына баш ийип эрежелерди сактоого чакырды.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости