Эки жылдын ичинде энергетика тармагындагы кызматкерлерге 29 кылмыш иши козголгон

Эки жылдын ичинде энергетика тармагындагы кызматкерлерге 29 кылмыш иши козголгон

2021-2022-жылдары энергетика тармагындагы кызмат адамдарына 29 кылмыш иши козголуп, 11 кылмыш иши боюнча 69 млн сомдон ашык материалдык чыгым өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады.

Парламенттин маалымат кызматы белгилегендей, комитет Энергетика министрлигинин «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы жана министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматын укту.

«Министрликтин тутумунда коррупцияга каршы күрөшү жана  алдын алуу боюнча 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы иш чаралардын планы иштелип чыгып, бекитилген. Ошондой эле министрлик укук коргоо органдарына коррупциялык аракеттерди алдын алуу боюнча көмөк көрсөтүп жатат. 2021-2022-жылдары энергетика тармагындагы кызмат адамдарына 29 кылмыш иши козголуп, 11 кылмыш иши боюнча 69 млн сомдон ашык материалдык чыгым өндүрүлгөн», - деп Ибраев айтып берди.  

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң кымбат сатылган экинчи сүрөт

Дүйнөдөгү эң кымбат сатылган экинчи сүрөт

В Нью-Йоркто Густав Климтин сүрөтү 236,4 долларга сатылып, искусствонун экинчи эң кымбат чыгармасы болгонун The Guardian басылмасы жазды.  Автордун 1914-1916 жылдары тарткан жаш мураскер Элизабет Ледерердин кытай көйнөгүн кийип турган сүрөтүн Экинчи дүйнөлүк согуш убагында немистер алып кетишкен. Аз жерден күйбөй калган чыгарма кийин Sotheby’s аукционунда сатылган.  Бул

А.Жунушалиев: Шаардын башкы планы менен эле баары чечилип кетпейт

А.Жунушалиев: Шаардын башкы планы менен эле баары чечилип кетпейт

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын 2050-жылга чейинки планы боюнча маалымат жыйында буга чейин көйгөйгө айланып келген абанын булгануусу маселесине жана башкы план боюнча кыргыз курулушчуларынын нааразычылыгына да токтолуп, шаардын башкы планы панацея эмес экенин билдирди.  “Негизи абаны тазартуу боюнча бир нече программалар, мамлекеттик иш-чаралар бекитилген. Ал жерде бир топ

Мэрия жол тыгындарын азайтуу боюнча бардык сунуштарды кароого даяр

Мэрия жол тыгындарын азайтуу боюнча бардык сунуштарды кароого даяр

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планынын жаңы долбоору боюнча өткөн брифингде Бишкек мэри Айбек Жунушалиев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.  Мэр жол тыгыны боюнча берилген суроого жооп берип, мэрия калаадагы жол тыгындарын жоюу боюнча бир нече компаниялардын сунуштарын да кароого даяр экенин билдирди. “Биз башкы планды карап жатканда баарын

Бала-Саруу ГЭСи пландан ашык электр энергиясын өндүрдү

Бала-Саруу ГЭСи пландан ашык электр энергиясын өндүрдү

Энергетика министрлиги билдиргендей, Бала-Саруу ГЭСи 2025-жылдын башынан тарта 77 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул пландаштырылган 75,1 млн кВт/сааттын ордунан ашыкча көрсөткүч болуп саналат. Станциянын адистери агрегаттардын иштешин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, гидротехникалык объекттердин параметрлерин текшерип турушат. "Чакан ГЭС" ААК гидроэлектростанциянын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздоону улантууда.