Кыргызстан менен Казакстан транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндө тоскоолдуктарды талкуулашты

Чынгыз Керимбеков
Кыргызстан менен Казакстан транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндө тоскоолдуктарды талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Казакстандын президентинин жардамчысы Асет Исекешев менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушууда тараптар соода жүгүртүү, транзиттик жүк ташуу, логистика, күйүүчү май жана суу-энергетика тармактарындагы маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өз сөзүндө Төрөбаев биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-казак кызматташтыгынын эки тараптуу актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоо деминде чечилип жатканын белгиледи.

«Соода жана транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндө бүгүнкү күндө орун алып жаткан көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун табуу үчүн дайыма жолугушууларды өткөрүп туруу биз үчүн өтө маанилүү», – деди минкаб төрагасынын орун басары.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө суу-энергетика тармагындагы маселелер кеңири талкууланып, алар аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо максатында «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулуш долбоору боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген достук жана бир туугандык байланыштар аркылуу биргелешип иш алып барууга келишти.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости