Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Минкаб жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат деп убада берди

Чынгыз Керимбеков
Минкаб жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат деп убада берди

Жакынкы 2-3 жылдын ичинде оорукана, эмкананын баары жаңыланат, медициналык жабдуулар модернизацияланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада айтты.

Анын айтымында, 2-3 жылдын ичинде окутууга жана квалификацияга талаптар күчөтүлөт, дары-дармектер менен камсыздоодо баа саясаты жөнгө салынат, электрондук медицина өнүктүрүлүп, башкысы – медицинадагы коррупция токтошу керектигин билдирди.

«Биз калктын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле калкты финансылык коргоону камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшай беребиз», – деди Жапаров.

Мындан тышкары саламаттык сактоо системасын каржылоодогу жылыштарга токтолгон Жапаров, медицина кызматкерлеринин маяналары жогорулаганын жана айлык акыны дагы жогорулатуу планда бар экенин, аны менен бирге медицина тармагын жакшыртуу үчүн алты маселеге токтолду.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости