Садыр Жапаров инвесторлорду өзүм коргойм деп убада берди

Садыр Жапаров инвесторлорду өзүм коргойм деп убада берди

Асман шаарынын курулушун баштоо аземинде президент Садыр Жапаров инвесторлорго кайрылды.

Президент мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштоого чакырды.

«Мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрү же терс элементтер болобу, келип болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып акча талап кылуусуна биз жол бербейбиз. Ошол эле учурда жергиликтүү бийликтен же эл ичинен мыйзамсыз аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде ким тоскоолдук жаратса, аны менен өзүм эсептешем. Инвесторлорго карата андай иштердин чети эле билинсе мыйзамсыз иш аракеттерге баргандар катуу жазаланат», — деди Жапаров.

Садыр Жапаров кайрылуусунан кийин курулушка капсула салды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, демонтаж иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин толук реконструкциялоо этапы башталат. Долбоордун негизинде конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт. Белгилей кетсек, фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жыл

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот. Касымов белгилегендей, бул

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды. Облустук милициядан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланган. 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлөн. Алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры

Ысык-Көл суусу кескин тартылып жатабы?

Ысык-Көл суусу кескин тартылып жатабы?

Ысык-Көл жээгинде жашаган тургундар көлдөгү суунун деңгээли байкаларлык төмөндөп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, өзгөрүүлөр айрыкча акыркы айларда күчөгөн. Жергиликтүү эл мунун экологиялык кесепеттери болушу мүмкүн деп тынчсызданууда. Жергиликтүү тургундар бийликти жана коомчулукту бул маселеге көңүл бурууга жана көлдүн суу ресурстарын сактоо боюнча чараларды көрүүгө чакырышууда. Ысык-Көл Кыргызстандагы негизги жаратылыш символдорунун