Салык кызматынын лотереясынын 2-турун өткөрүү үчүн 151 млн сомго сарпталат
Салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байге фонду үчүн 151 млн сом сарптайт. Каражат товарларды сатып алууга жумшалат.
Такталгандай, товарларды сатып алуучу сумма 151 млн сомду түзөт.
Ошентип, бул суммага төмөндөгүдөй байгелер сатып алынат: 37,1 мн сомго 20 электромобил, 80 млн сомго 1 миң премиум смартфон, 18,5 млн сомго 1 миң бюджеттик смартфон, 1,4 млн сомго 6 жолдомо, 2 млн сомго 40 даана стайлер, 12 млн сомго 300 ноутбук.