Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат
Photo by Mike Dudin / Unsplash

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мекеменин ишмердигинде эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери негиз болуп саналат.

«Документ тараптардын эмгек мамилелеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна, экономикалык өсүшкө, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана адамдардын бакубаттуулукка жетишүү үчүн зарыл болгон укуктук шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. КРда калкты иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу жаатында бир топ иштер аткарылып жатат. Өлкөдө ар кандай активдүү иш-чаралардын аркасында өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу жумушсуздардын саны 5%га кыскарды, жумуш менен камсыз болгон жарандардын саны 10%дан ашык өстү», – деди министр.

Мындан тышкары окуңуз

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Мурдагы депутат Дүйшөн Төрөкулов кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Бул тууралуу анын агасы кармалганын ырастады. Тиешелүү кызматтар Дүйшөн Төрөкулов эмненин негизинде кармалганы боюнча расмий тастыкташа элек. Дүйшөн Төрөкулов 2017-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Бир Бол” саясий партиясынан депутат болгон. Аны 2021-жылы январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кылмыш-жаза

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Баткендеги селдин кесепетин жоюу боюнча тапшырма берди

Президент Садыр Жапаров 19-22-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун аймактарында жүргөн селдин кесепеттеринен толук кабардар. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка таянсак, Мамлекет башчысы тийиштүү мамлекеттик түзүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына кырсыктын кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, жабыркаган тургундарга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча чукул тапшырмаларды

“Кепилдик фондго” 10 жыл: 20 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү

“Кепилдик фондго” 10 жыл: 20 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү

«Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Бул аралыкта мекеме өлкөдө ишкерликти колдоонун маанилүү инструменттеринин бирине айланып, миңдеген ишкерлердин каржылоого жетүүсүнө көмөк көрсөтүүдө. Фонддун маалыматына ылайык, 10 жыл ичинде 22 миңге жакын ишкер кепилдик колдоого ээ болгон. Жалпы суммасы 20 млрд 131 млн сомдон ашык кепилдик берилип, анын

Манас аба майданынан Манас айылына чейинки жол жабылат

Манас аба майданынан Манас айылына чейинки жол жабылат

“Манас” аба майданынын аймагындагы жол инфраструктурасын оңдоп-түзөөнүн биринчи этабынын алкагында 23-июндан 1-июлга чейин узундугу 8 чакырым болгон тилкеде – “Манас”  аба майданынан Манас айылына чейин автотранспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу чектелет. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, чектөөлөр жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле оңдоп-түзөө