“Кепилдик фондго” 10 жыл: 20 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү

“Кепилдик фондго” 10 жыл: 20 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү

«Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Бул аралыкта мекеме өлкөдө ишкерликти колдоонун маанилүү инструменттеринин бирине айланып, миңдеген ишкерлердин каржылоого жетүүсүнө көмөк көрсөтүүдө.

Фонддун маалыматына ылайык, 10 жыл ичинде 22 миңге жакын ишкер кепилдик колдоого ээ болгон. Жалпы суммасы 20 млрд 131 млн сомдон ашык кепилдик берилип, анын негизинде ишкерлер 61 млрд 554 млн сомдон ашуун кредиттик каражаттарды тарта алышкан.

Ошондой эле берилген кепилдиктердин 80 % ашыгы өлкөнүн аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Бул чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн.

Фонд мындан ары да ишкерлерди колдоо механизмдерин өркүндөтүп, бизнестин каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү аркылуу өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө салым кошууну максат кылууда.


ААК «Кепилдик фонд» — Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өсүшүнө активдүү көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн адистештирилген финансылык уюм. Фонд ишкердик секторун колдоо жана өнүктүрүү аркылуу, чарба жүргүзүүчү субъекттердин кепилдик камсыздоо инструменттерин пайдалануу менен финансылык ресурстарга жетүүсүн кеңейтүүгө багытталган.

Кепилдик фонд өзүнүн жетиштүү күрөө мүлкү жок ишкерлерге кепилдиктерди берет, бул алардын банктык жана финансылык кредиттерге жетүүсүн кыйла жеңилдетет. Фонддун инструменттери коммерциялык банктар жана башка финансылык өнөктөштөр тарабынан чакан жана орто бизнести, экспортко багытталган ишканаларды, ошондой эле айыл чарба, өнөр жай, ипотекалык кредиттөө жана туризм сыяктуу экономикадагы артыкчылыктуу тармактарды колдоо үчүн колдонулат

Мындан тышкары окуңуз

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media
Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда. Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус

Ишкер Media
Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media