Экономика министрлиги өкмөттүн тарабынан сынга кабылды

Экономика министрлиги өкмөттүн тарабынан сынга кабылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жыйында Жапаров министрдин орун басары Канат Абрахмановдун ишин сынга алды.

«Мага антидемпингдик пошлина эмне экенин билбеген министрдин орун басарынын эмне кереги бар? Министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек, министрдин орун басарын айтпай эле коеюн», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, экспорттун динамикасы өсүп, экономикалык өсүштүн темпи жогорулоодо, андыктан дайыма «заман агымы менен бирге» туруу зарыл.

«Сатуу рыногу өсүп жатат, ага дагы тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Сиздин 8 орун басарыңыз эмне иш кылып жүрөт түшүнбөй жатам! Ошондой эле практикалык экономикага, Абу-Дабидеги, Бендер-Аббастагы соода портторундагы жерлерибизге көңүл бурушубуз керек, алардын ишмердүүлүгү менен ким алектенип жатат. Контрабандалык товарлардын импортуна каршы күрөштү күчөтүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, талыкпай иштешибиз керек», – деп жыйынтыктады Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика министрлиги тигүү тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде кыргыз тигүү продукциясынын Россия Федерациясынын рыногу аркылуу жеткиликтүүлүгүн жана тармакты колдоо чараларын талкуулаган ведомстволор аралык жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда Россиянын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан көзөмөлдүн күчөтүлүшү натыйжасында келип чыккан актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле, ички рынокту жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Бүгүн, Экономика жана коммерция министрлигинде эки тараптуу меморандумга кол коюу аземи болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Биринчиси – Индиянын Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ортосунда түзүлгөн "Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү" долбоору.

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кант кызылчасы Кыргызстанда 85,9% жыйналды

Кыргызстанда учурда кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирген.  Анын айтымында, республика боюнча быйыл кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таласта граниттен курулуш таштары чыгарыла баштады

Таластын Манас районундагы Арал айылынын Кайыңды карьеринен алынган таштар жергиликтүү ишкер Азат Кушубековдун ишканасында кайра иштетилип, курулуш материалдары чыгарылып жатканын УТРК тартып көрсөттү.  Ишкердин айтымында таштар алгач чоң-чоң көлөмдө ташылып келип, 2-3 сантиметр калыңдыкта тилинет. Андан соң ал күйгүзүлүп, жылмаланып 90Х80 жана 60Х30 өлчөмүндө кесилет.  Ишканасы ээсинин айтымында, кайра иштетилген